Коом

Улуттук энергохолдинг кимдердин жылыткычтарына пломба басылганын айтты

 Калкка электр жылыткычтарды колдонууга тыюу салуу тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын Улуттук энергохолдингден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтогул суу сактагычындагы суу аздыгынан жана керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергия менен камсыздоо максатында уруксат берилген лимиттен ашпоо боюнча иш-чара өткөрүлгөн.

Иш-чаранын жыйынтыгында лимиттен ашык колдонгон керектөөчүлөрдүн электр жылыткычтарына пломба басылган.

Кошумчалай кетсек, Кадамжай районунда турмуш-тиричилик керектөөчүлөрүнүн (катардагы жаран) эмес, коммерциялык керектөөчүлөрдүн жылыткычтарына пломба басылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button