“Кумтөр” кенинин тагдырына ар бир кыргызстандык кайдыгер эмес. Акыркы күндөрдөгү “Кумтөр” кени тууралуу эл аралык жана кыргыз коомчулугундагы айтылып жаткан пикирлер тууралуу юридика илидеринин доктору Алмаз Токтогулов жергиликтүү ММКлардын бирине төмөнкүдөй пикирин билдирген. Текстти өзгөртүүсүз сунуштайбыз:

«“Центерра” компаниясынын баалуу кагаздар боюнча Онтарио комиссиясынын (Канада) талабы менен баланстык наркынан 926 миллион долларды эсептен чыгаруу чечими Кумтөр алтын кениндеги көзөмөлдүн толук жоголушун түшүндүрөт.

Башкача айтканда, “Центерра” компаниясы “Кумтөр” кенин мындан ары көзөмөлдөбөй турганын моюнга алып, факты менен ынанды десек болот.

Эми бул фактыны Кыргыз Республикасы менен тынчтык жолу менен жөнгө салуу келишимине кол коюу менен камсыз кылуу калды.

Женевадагы (Швейцария) сүйлөшүүлөрдө кыргыз тараптын сунуштары талкууланды жана алар өзгөрүүсүз калды. Кыргызстандын жетекчилиги өзүнүн шарттарын аткарууну талап кылып, башынан эле «Центерранын» жетекчилигин жаратылышка эбегейсиз экологиялык зыян келтиргенин, Кыргызстандын тарыхындагы эң ири коррупциялык схеманы түзүүнү, ошондой эле кызматкерлердин жеке маалыматтарын уурдоону моюнга алууга үндөп келет. Компаниянын кызматкерлери жеке маалыматтарды коргоо боюнча эл аралык уставдарды, ошондой эле Канада менен Кыргызстандын мыйзамдарын бузган.

Эл аралык коомчулук жакында маселе канадалык инвесторлордун кызыкчылыктарына болгон кол салуу эмес экенине ынанат. Мындай кырдаалда жөнөкөй экономикалык талаш-тартыш жана Кыргызстандын кызыкчылыгын бузуу каралат. Эл аралык коомчулуктун көңүлүн эки тараптын ортосундагы экономикалык талаштын чыныгы маңызынан алагды кылуу үчүн бул маселени “Центерра” атайылап саясатташтырып жатат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мындан ары да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын үстөмдүгүн, элдин жана өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоодо өзүнүн позициясын жигердүү көрсөтө берет. Убакыт Кыргызстандын пайдасына ойноп жатат жана Кумтөр эми өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн гана иштейт.

Кыргызстандын жетекчилиги өз позициясында бекем, андыктан «Центерранын» жетекчилиги кырдаалга канчалык эрте сергек баа берип, тынчтык жолу менен жөнгө салуу келишимине кол койсо, канадалык инвесторлордун, Канаданын Өкмөтүнүн жана компаниялардын беделине шек келтирген узак мөөнөттүү кризис ошончолук тез чечилет. Биз Канадалык бизнесмендер акылга сыярлык чараларды көрүп, Центерранын жетекчилигине оң таасир этет деп ишенебиз.

Башка өлкөнүн жаратылыш ресурстарына болгон жырткычтык мамиле, жергиликтүү мыйзамдарды сыйлабоо, улуттук кызыкчылыктарды жана маданий салттарды билбөөчүлүк эч качан эл аралык долбоорлордо бизнеске ийгилик алып келбейт. Канадалык бизнесмендер Кумтөр долбоорунан келечекке жакшы сабак алат деп ишенебиз» — дейт Алмаз Токтогулов.