Коом

Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын инфекциялык бөлүмү ачылды

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын инфекциялык бөлүмү ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана  президенттин Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү катышты.

Бөлүмдү 35 орундан 50 орунга чейин кеңейтүү үчүн оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, бөлүм тиешелүү медициналык жабдуулар, жаңы батареялар, жаңы эмеректер жана жаңы керебеттер менен жабдылган.

Аталган ооруканын оңдоо иштерине  Азия өнүктүрүү банкынын эсебинен 8 853 316 сом бөлүнгөн. Подрядчы «Стрим Групп» ЖЧКсы, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун эсебинен 1,5 млн сом каралып, «Сафорт Групп» ЖЧКсы оорукананын сырткы фасадын оңдоодон өткөрдү.

Эске салсак, имарат 1968-жылы курулуп, бул аралыкта имарат капиталдык оңдоодон өткөн эмес, 2014-жылы гана чатыры алмаштырылып, ага чейин косметикалык гана оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button