Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 28-ноябрга дайындалган Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого техникалык жактан даяр. Бул тууралуу Маалыматтык шайлоо тутумунун жана автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) программалык камсыздалышын жакшыртуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Марс Наспеков билдирди.

Бардык шайлоо участкалары шайлоочуларды идентификациялоочу 2494 жабдык менен жабдылган, алар шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу маалында маалыматтарды тактоо боюнча арыз берүү учурунда колдонулган. Шайлоочулардын тизмесин тактоо мезгили аяктагандан кийин аталган комплекттер добуш берүү үчүн кайрадан даярдалып чыккан.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте добуш берүү күнүндө шайлоочуларды идентификациялоочу жабдууну даярдоо жана комплектациялоо боюнча иштер жүрүп жатат. Бардыгы болуп резервди эсепке алганда, шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоочу 6 700 комлект бар.

Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн алкагында Борбордук шайлоо комиссиясы ЕККУнун колдоосу менен добуш берүү күнү шайлоочуларды идентификациялоону эксплуатациялоо боюнча 90 тренерди окутту. Экинчи этапта добуш берүү күнүнө карата шайлоочуларды идентификациялоочу 7160 операторду окутуу ишке ашырылды.

Идентификациялоочу операторлорго шайлоочуну идентификациялоо процессинин жана арыз берүүнүн өзөчөлүктөрүн, ошондой эле кемчиликтерди жоюу усулдарын түшүндүрүп беришти.