Аба ырайынын начарлашына байланыштуу 26-ноябрда саат 06:00дөн баштап “Соснавка” постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чектөө адамдардын коопсуздугун камсыздоо жана жол унаа кырсыктарын алдын алуу максатында аба ырайы калыбына келгенге чейин уланат.