КоомСаясат

Садыр Жапаров электр энергиясынын тарифтери тууралуу: «Ушинтип тез эле ирээтке келтиребиз. Эч кам санабагыла»

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү электр энергиясынын тарифтери жана энергетикалык абалга байланыштуу Facebook социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй билдирүү жазды:

«Урматтуу Кыргызстандыктар.

Бизде өлкө боюнча каттоодо турган аз камсыз болгон, жөлөк пул алып жашаган 110 518 үй-бүлө бар.

Балким, мындан да көп болушу мүмкүн.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен энергетика министрлигине жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө дагы бир жолу тактап чыгуу боюнча тапшырма берилди.

Өкмөт тараптан аларга 1-январдан баштап, светтин баасын 0,77 тыйындан 0,50 тыйынга түшүрүп жатабыз. Бул кадам аларга өкмөт тарабынан социалдык жактан жардам берүү болуп саналат. Азыр эми эл арасында сөз болуп жатат: «Алардын арасына колунда бар байлар деле кирип алышат, коррупция болот», — деген сыяктуу.

Урматтуу министрлер, жергиликтүү бийлик башчылары, эгер чындап эле бай адамдар ушул тизмеге кирип алган далилдер катталса, баарыңар керт башыңар менен жооп бересиңер.

Ал эми катталып алгандардын арасында бай адамдар болсо канча электроэнергия колдонсоң, ошону миңдеген эселеп мамлекетке кайтарып бересиңер.

Бул жагын көзөмөлдөгөнгө мамлекеттин күчү жетет. Ар бир үй каттоого алынып, ММКларга жарыяланат. Даректер жарыяланганда кимдин үйү экени кошуналары аркылуу эле ачыкка чыгып калат. Ушинтип тез эле ирээтке келтиребиз. Эч кам санабагыла» — деп жазылган билдирүүүдө.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button