Саясат

Нуржан Шайылдабекова митингге чыккандар менен жолукту

Митингчилерге БШКнын төрайымы Нуржан Шайылдабекова чыкты. Ал көйгөй үчүн кечирим сурап, эмне үчүн кол менен эсептөө аягына чыкканга чейин күтүү керектигин түшүндүрдү.

«Биринчиден, БШКнын сайтындагы таблицадагы кечээки катачылык үчүн кечирим сурайм. Бирок АСУда колдонулган технология жакшы иштейт деп кепилдик берем. Учурда биздин система так иштеп жатат.

Кечээки маалыматтар алдын ала болуп саналат жана мыйзамда көрсөтүлгөндөй юридикалык күчкө ээ эмес. Так жыйынтыктар кол менен эсептелгенден кийин билинет. Азыр протоколдорду алып жатабыз, саноо жүрүп жатат.

Бардык мыйзам бузуулар боюнча УШКга билдирүүңүздөрдү суранам. Алардын баары каралат. Ошондой эле партиялардын бардык өкүлдөрүн чакырабыз жана аларга кечээ болгон окуя боюнча түшүндүрмө берүүгө даярбыз”, — деди БШК төрайымы.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button