Саясат

Жаныш Курбанов Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды

Жаныш Курбанов Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, аталган буйрукка Садыр Жапаров кол койгон.

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Жаныш Курбанов Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Жаңы мэр 38 жашта. Кадамжай районунун акиминин орун басары болуп иштеген.

Өмүр баяны:

Курбанов Жаныш Абдухалилович  5-январь 1983-жылы Ош областы Фрунзе районунда туулган.

Үй бүлөлүү.

Москва шаарындагы  К.А. Тимирязев атындагы Россия мамлекеттик агрардык университети аяктаган

Факультет. Агрономиялык

Адистиги. Агроном (Агробизнес)

Ыйгарылган квалификациясы Окумуштуу агроном

Тилдерди билүү: Орус тили, Англис тили

Иш тажрыйбасы: 04.05.2021- жылдан  бүгүнкү күнгө чейин Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин 1-чи орун басары.

08.10.2019-04.05.2021-ж Кадамжай райондук  мамлекеттик администрациясында  аппарат жетекчи.

16.03.2018-08.10.2019-ж  Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы.

05.06.2015-16.03.2018-ж  Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында социалдык-экономикалык саясат сектор башчысы.

07.10.2013-05.06.2015-ж  Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис.

03.06.2013-07.10.2013-ж  Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында башкы адис.

2014-жыл июнь айы Кытай Эл Республикасы Пекин шаары  «Seminar  on Trans-boundary Bio diversity Protection Research and Management »

Класстык чендери жана наамдары:   Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button