Коом

Мамлекеттик ипотекалык компания президент Садыр Жапаровдун мурдагы үйүн сатыкка койду

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК Бишкек шаары Кудайбергенов көчөсү, 81а дарегинде жайгашкан турак-жайды сатуу боюнча ачык аукцион жарыялайт. Бул тууралуу компаниянын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, сатуу 2021-жылы 24-декабрда саат 11:00дө өтөт. Алдын ала аукцион өткөрүлүүчү жер — Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 228.

“Мамлекеттик ипотекалык компания президент белек кылган үйдү сатыкка койду. Түшкөн акча-каражатка даяр батирлер сатып алынат. Батирлер «Менин үйүм 2021-2026» турак жай програмасынын катышуучуларына «кийин сатып алуу» механизми боюнча ижарага берилет”, — деп айтылат маалыматта.

Турак-жайдын баштапкы баасы 33 млн 700 миң сом.

Эскерте кетсек, 30-сентябрда КР президенти Садыр Жапаров өзү жашап келген турак жайдын документтерин «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК башкармалыгынын төрагасы Аида Төлөгөновага бекер негизде тапшырган. Ал «Менин үйүм 2021-2026» жаңы мамлекеттик турак-жай программасынын алкагында «МИК» ААКсына муктаж болгондорду турак-жай менен камсыздоого жардам берүүнү каалай турганын билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button