Коом

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргыз-тажик чегиндеги Дахма аймагында ок атылган.  1-декабрда кечки саат 9дан өткөндө мамлекеттик чек аранын шарттуу тилкесинде Тажикстан тараптан белгисиз бирөөлөр болжол менен аңчылык мылтыгынан 7-8 жолу ок атышкан.

Окуя болгон жерге Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара бекеттеринин жетекчилери келип, мылтык аткандарды чогуу издөөнү макулдашкан. Күч органдарына да кабар берилген.

Бүгүн, 2-декабрь 9:00дө алынган маалымат боюнча абал тынч.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button