Коом

Кыргызстанда баңгизаттарды жарнамалагандарга 17,5 миңден 65 миң сомго чейин айып салынат

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 2021-жылдын 1-декабрынан тартып Кыргызстанда жаңы кабыл алынган кодекстер күчүнө киргендигин эскертет.

2021-жылдын 28-октябрындагы №128 Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 101-беренесинде КР аймагында жоопкерчилик каралган, ага ылайык;

1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын прекурсорлорун, баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды камтыган өсүмдүктөрдү, же болбосо алардын прекурсорлорун жана баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды камтыган алардын бөлүктөрүн, же болбосо алардын перкурсорлорун, ошондой эле жаңы өзгөчө кооптуу психоактивдүү заттарды колдонууга чакыруу жана аларды жарнамалоо — жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ошол эле аракеттер:
1) билим берүү мекемелеринде, ошондой эле адамдар көп чогулган объекттерде жасалса;
2) жалпыга маалымдоо каражаттарын же электрондук маалымат ресурстарын пайдалануу менен жасалса – жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Белгилей кетсек, бир эсептик көрсөткүч 100 сомго барабар.

«Бул ченем жаңы болуп эсептелет, эгер сиз мындай жарнама жасоого күбө болсоңуз, тиешелүү чараларды көрүү үчүн райондук ички иштер башкармалыктарына кайрылыңыздар», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бул жаңы берене, мурда мындай аракеттер үчүн жоопкерчилик каралган эмес.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button