Коом

Чүй райондук милициясынын башчысы Эрлан Исмаилов Султан Ибраимов айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен жолукту

2021-жылдын 10-декабрь күнү Кошой айылындагы маданият үйүндө Чүй РИИБдин начальниги милициянын подполковниги Эрлан Исмаилов Султан Ибраимов айыл өкмөтүндө жайгашкан Кошой, Султан, Ленин-Жол, Кара-Ой, Талды-Булак айылдарынын жашоочулары менен жолукту.


Бул иш-чарага райондук мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар, жогорудагы айылдардын ак сакалдары жана активисттери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө райондук милициянын жетекчиси Эрлан Исмаилов бул айылдарда кылмыштарды жана укук бузууларды болтурбоо үчүн милиция кызматкерлери тарабынан жасалып жаткан иштер, алдын алуу иш-чаралары боюнча маалымдады. Ошондой эле, 1-декабрь күнүнөн баштап күчүнө кирген жаңы кодекстер боюнча кенен түшүндүрмө берип, анда каралган жоопкерчиликтер жөнүндө толук айтып берди.
Муну менен катар жергиликтүү жашоочуларга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары боюнча маалыматтар айтылып, милиция кызматкерлерине жана мамлекеттик органдарга карата узатылган суроолорго жооптор берилди.
Өз кезегинде райондук милициянын жетекчиси тарабынан жарандарга мүлктөрүнүн жана малдарынын коопсуздугу жөнүндө сунуштар берилди. Андан сырткары Эрлан Исмаилов жол кыймылынын эрежелерине өзгөчө көңүл буруп, жарандарды ЖКЭни, ылдамдык режимдерин сактоого жана жашы жете электердин катышуусундагы укук бузууларды болтурбоо үчүн балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button