Коом
14-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат
Кыргызгидромет борбору 14-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +4..+9, Талас облусунда +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +6…+11, Ысык-Көл облусунда 0…+5 жылуу болсо, Нарын облусунда -3…-8 градуска төмөндөшү күтүлөт.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +4…+6 градуска жетет.