2021-жылдын 11-декабрында Пакистандын жаранын Бишкек шаарынын Л.Толстой көчөсүндөгү темир жолдон тепловоз сүзүп кетип, каза болгон. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын маалыматына таянып, КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, соттук-медициналык иликтөө иштеринин, тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө, каза болгон Рамзан Мухаммед Кыргызстан эл аралык университетине караштуу Эл аралык медицина мектебинин 2-курсунун студенти болгон.

Бул факт Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалагында катталып, азыркы учурда тийиштүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Аталган маселе Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө.