Лейлек районундагы Катраң айыл аймагында Козу-Баглан дарыясынын жээгинде, ички инвестордун колдоосу менен 6 мегаваттуу кичи ГЭС курулууда.
Жалпы сметалык баасы 7 миллион АКШ долларын түзөт.
Учурда биринчи этаптагы иштер 80 пайызга аяктады. Чакан ГЭС курулуп бүтсө айылдагы бир топ социалдык маселелер чечилип, айыл тургундары жаңы жумуш орундары менен камсыз болушат.
Экинчи этабындагы иштер 2022-жылы кыска убакытта бүткөрүлөөрү пландалууда.
Возможно, это изображение (на открытом воздухе)