Коом

Мамлекеттик ипотекалык компания Президент Садыр Жапаров белек кылган үйдү сатыкка койду

«Түшкөн акча-каражатка даяр батирлер сатып алынат. Батирлер «Менин үйүм 2021-2026» турак жай програмасынын катышуучуларына «кийин сатып алуу» механизми боюнча ижарага берилет», – деп  маалымдайт Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалымат кызматы.

Аукцион ушул жылдын 24-декабрында Бишкек шаарында(Токтогул көчөсү 228) болуп өтөт. Катышуу үчүн арыздар 23-декабрга чейин кабыл алынат. Толук маалымат Мамлекеттик ипотекалык компаниянын расмий сайтында жарыяланган.

Эске салсак, ушул жылдын 30-сентябрь айында өлкө башчысы Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компанияга өзүнүн Бишкек шаарында жайгашкан эки кабат үйүн белек кылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button