Коом

УКМК: Кыргызстандан Афганистанга мунай ташылып жатат деген маалымат жалган

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымат агенттиктеринде жарыяланган “Афганистан Ислам Республикасына Кыргызстандан мунайзаттар импорттолуп жатат” деген маалымат чындыкка дал келбей турганын маалымдайт.

2021-жылдын 16-декабрына карата КР министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жарандарды, автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүүгө убактылуу токтотулган.

Ошондой эле КР министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, мунай жана мунай заттарын ЕАЭБдин чегинен тышкары экспорттоо убактылуу токтотулган.

«Мунай жана мунай зат продукциялары Кыргыз Республикасынан сыртка ташылып чыгарылып жатат деген маалымат жалган», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button