Коом

Сүйүнчү! Көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОдо Кыргызстандын маданий мурасы катары катталды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан киргизилди.

ЮНЕСКО комитети Парижде отуруп сунуштарды онлайн карады.

Кыргызстандын демилгесин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов онлайн режиминде сунуштады. Ал Улуттук тарых музейинде туруп баяндама жасаган.
Андан соң комитет чечим кабыл алып, «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты» номинациясында ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча мыкты тажрыйбалардын тизмесине киргизди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button