Республика боюнча 17-декабрга карата көмүрдүн чекене баасы орто эсеп менен тоннасына 5 миң 205,5 сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.

2021-жылдын ноябрь айына салыштырмалуу нарк 8,3 пайызга азайган. Бул Исфанада (тоннасы 2 миң 268,9 сомго), Баткенде (1 миң 930,1 сомго), Ноокатта (1 миң 755 сомго) жана Таласта (1 миң 620,3 сомго) төмөндөшүнө байланыштуу экени белгиленген.

Бүгүнкү күндө эң арзан көмүр Чаек айылында (тоннасы 3 миң сом), ошондой эле Балыкчы (4 миң 49,7 сом), Нарын (4,5 миң) жана Кара-Балта (4,5 миң) шаарларында. Ошол эле учурда эң кымбат көмүр Ноокат (7663,1 сом), Баткен (7788,7 сом) жана Кербен (7250,6 сом) шаарларында.