Коом

Өмүрбек Текебаев менен Кеңешбек Дүйшөбаев Башкы прокуратурада суракка алынды

Өмүрбек Текебаев менен Убактылуу өкмөттө Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Башкы прокуратурага сурак берүү үчүн барды.

Дүйшөбаевдин айтымында, сурак 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн. Бирок ал маалыматты ачыкка чыгарбоо келишимине кол койгонун белгилеп, чоо-жайын билдирген жок.

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2021-жылдын 15-апрелинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2021-жылдын 15-апрелинде 1-берененин негизинде козголгон кылмыш иши боюнча тергөөнү кайра баштаган. Кадыржан Батыровдун өлкөдөн эч кандай тоскоолдуксуз мыйзамсыз чыгып кетишине көмөктөшкөн Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча козголгон. Бул, ведомство белгилегендей, 2010-жылдын май-июнь айларында республиканын түштүгүндө кайгылуу кесепеттерге алып келген себептердин бири болгон.

«Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2010-жылдын май-июнь айларында Ош жана Жалал-Абад облустарында массалык башаламандыктардын чыгышына шарт түзгөн себептер жана шарттар иликтенет. Каргашалуу окуялардын алдын алуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлөт», — деп  Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы жазында билдирген.

Декабрдын башында президенттик администрация 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча кылмыш ишин иликтөө аяктоо алдында турганын билдирген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button