Коом

Жаңы депутаттарды каттоо токтотулду. Себебин Шайлдабекова түшүндүрдү

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жетинчи чакырылыштын депутаттарын каттоо эмне себептен токтотулганын түшүндүрдү. Бул тууралуу ал БШКнын 22-декбардагы жыйынында сөз кылды.
Буга чейин Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары бүгүн ишин жыйынтыктабаганы, ал эми жаңы эл өкүлдөрүнүн мандат алуу мөөнөтү кийинкиге жылдырылганы айтылган.
Шайлдабекованын айтымында, учурда жыйынтык боюнча төрт арыз сотто каралып жатат, анын ичинде бир мандаттуу округдар дагы бар.
Эске салсак, 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоону БШК өттү деп тааныган. Бирок Чүй-Кемин округу боюнча жыйынтык чыга элек.
№ 31 Чүй-Кемин шайлоо округунан 9 906 добуш менен Медербек Саккараев уткан. Кийин 18-декабрда БШК аны Медербек Саккараевдин кош жарандуулугу (Кыргызстан менен Казакстан) бар деген шектенүүдөн улам депутат катары каттоодон баш тарткан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button