Коом

«Кыргыз Биримдиги» коомдук бирикмеси жыл жыйынтыктап, мыктыларды аныктады. Сүрөттөр

Кечээ, 24-декабрда  “Кыргыз Биримдиги” коомдук бирикмеси жыл жыйынтыгын чыгарып, мыктыларды аныктады.

Иш-чарага коомдогу көрүнүктүү инсандар, саясатчылар, маданият кызматкерлери жана кайрымдуулук жасап элибизге жардам берген инсандар чакырылган.

Возможно, это изображение (9 человек, люди стоят, в помещении и текст)

Төмөндө  аталган бирикменин 5 жыл ичинде жасаган иштеринен кенен маалымат.

«Кыргыз Биримдиги» коомдук бирикмесине 5 жыл!!!

Тарых жазылат, тарых жаңыланат, тарых уланат!

«Кыргыз Биримдиги» коомдук бирикмеси коомдогу жакшылыкка шерик болгон, өлкөнүн өнүүсүнө салым кошкон ата мекендик ишканаларга, жергиликтүү өндүрүшчүлөргө, жеңил өнөр жайына, жеке ишкерлерге, ийгиликтүү инсандардын коомдогу ордун көтөрүү жана моралдык колдоо көрсөтүү максатында менен алгачкы кадамдарын таштаган!

Андан бери 5 жыл өтүп «Кыргыз Биримдиги» жүрөктөрдө калган, көңүлдөрдө түнөгөн не бир ири долбоорлорду ишке ашырды.

Тарыхка кайрылалы: Ата мекендик өндүрүштүн алдыңкыларын, ийгиликтүү инсандарды даңазалап, моралдык колдоо максатында «Жыл мыктылары-2016», «Ийгиликтүү инсандар-2016» долбоорун өткөргөн.

Ушул эле жылы 8-март Аялдардын Эл аралык күнүнө карата улуттук баалуулуктарды, анын ичинен ак элечекти жайылтуу максатында «1000 ак элечек айымдар» долбоорун тартуулап, коомчулукта зор колдоого арзыган.

Май айынын үчүнчү жумасында белгиленүүчү Энелер күнүнө карата жети дубандан келген, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуп, татыктуу уул-кыздарды тарбиялап, ар кыл тармактын жүгүн көтөрүп, сыймыгына бөлөнгөн апалардын, айымдардын катышуусунда «Ак кемеде ак элечек апалар» аттуу долбоор көгүлтүр Ысык-Көлдө өткөрүлгөн.

Алгачкы жолу легендарлуу кыргыз чүрөгү Акмөөр апабыздын урматына Соң-Көл жайлоосунда «Акмөөр» сулуулар сынагы өтүп, баш байгеге автоунаа ыйгарылган.

Нооруз майрамынын урматына, кыргыздын улуттук баш кийимин даңазалоо максатында ордолуу Ош шаарында «2000 ак элечек айымдар» долбоору түштүк аймагындагы апаларга арналып өткөрүлүп, касиеттүү Сулайман тоосуна 2000 ак элечек көрк берген ири долбоор өткөрүлгөн.

2016-2017-жылдары кыргыздын улуттук дөөлөттөрүн жайылтуу максатында «Сүмөлөк» фестивалынын алкагында «Кырк казан» жана «Жети казан» сүмөлөк жасоо сынагын 7 дубандын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүп, өзгөчө жасалган сүмөлөктөргө баалуу сыйлыктар ыйгарылган.

2018-жылы кыргыздын улуттук тамагы Бешбармакты Гиннес дүйнөлүк рекордор китебине киргизүүнү журналист Элнура Кулуева сунуштап,  «Бешбармак» долбоорун Дана Абдыбекова, Жамалбек Ырсалиев, Чынара Шейшекеева, Нурмухуммед Миңбаев, Бакай Ѳмүралиевдердин колдоосу жана демөөрчүлүгү менен 1, 5 тонна Бешбармак жасалып, Гиннес китебинин бардык талаптарына жооп берип, натыйжада Гиннеске катталды. Бул долбоор бүтүндөй мамлекеттин, элдин сыймыгы болгон.

Кыргыздын кымча бел сулууларын, кыргыз кызынын нукура жүзүн, кыз кишиге тиешелүү баалуулуктарды даңазалоо, көрсөтүү максатында Кыргызстандын 40 районунан тандалып алынган 40 кыз жана 40 насаатчынын катышуусунда «Кыргызымдын кырк кызы» теледолбоору өткөрүлгөн.

Энелик түмөн түйшүктөн башка да өрнөктүү өмүрү, жигердүү ишмердүүлүгү, үлгүлүү үй-бүлөсү бар апалардын жана айымдардын коомдогу ордун даңазалоо жана энелерге болгон чексиз сүйүүнү, сый-урматты тереңдетүү максатында «Бейиш энелердин таман алдында» аттуу теледолбоору жыл сайын жогорку деңгээлде өткөрүлүп келет.

Быйыл аталган «Бейиш энелердин таман алдында» теледолбоор Ош шаарында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын ардактуу апаларынын катышуусунда май айында өткөрүлдү.

Жыл сайын жыл узатып, жыл тосуп өткөрүлүүчү «Жыл мыктылары», «Ийгиликтүү инсандар» аттуу ири долбоорлору 2020-жылы өзгөчө форматта өттү.

2019-жылдагы пандемия апааты кыргыздын канындагы мекенчилдикти, биримдикти, ынтымакты көрсөттү. Дүйнөлүк атактуу басылмалар Кыргызстандын элинин мамлекетке кылган жардамын даназалады, суктанды. Дал ошол дүйнөнү суктанткан жаратман иштерди жасаган – пандемия шартында адам өмүрлөрүн сактоого, мамлекетке жана коомго өздөрүнүн зор салымдарын кошкон пандемиянын БААТЫРлары, медицина кызматкерли,  ДАРЫГЕРЛЕР жана ак жүрөк ЫКТЫЯРЧЫЛАР кеченин ардактуу коногу болуп, “Кыргыз биримдиги” коомдук бирикмесинин атайын сыйлыктары ыйгарылган.

Кыргыз айымдарынын нукура сулуулугун, акылгөйлүгүн даңазалоо максатында «Акмөөр» сулуулар сынагы 2020-жылы Ысык-Көл жээгинде өзгөчө форматта өткөрүлүп, байге фонду 500 000 сомду түзгөн.

Коомдун күрөө тамыры болгон үй-бүлө институтун бекемдөө, ата мурасын, эне салтын аздектөө, ата-энеге сый-урмат көрсөтүү жана ата-эненин коомдогу ордун даңазалоо максатында «Үлгүлүү өмүрлөш жубайлар – 2021» этно форматтагы теледолбоору республика боюнча бир түндүктүн астында 40 жылдан ашык түтүн булатып, агартып уулду, кызартып кызды тарбиялаган 12 үлгүлүү жубайлар, үй-бүлөлөрдүн катышуусунда өткөрүлгөн.

Сиздердин тасмалардан көрүп турган: эмгектер бааланган бактылуу мүнөттөрдүн, жаркын маанайлардын, кубанычтуу көз ирмемдердин себепкерлери, «КЫРГЫЗ БИРИМДИГИ» коомдук бирикмесинин негиздөөчүлөрү, жаратмандар, бактылуу түгөйлөр Дана Абдыбекова жана Алмаз Алиевдер! Ошондой эле «Кыргыз Биримдигинин» долбоорлорунун редактору, журналист, «Кадам-медиа.кж» маалыматтык агенттигин жетекчиси Сайрагүл Дуулатова!

«Кыргыз Биримдиги» – жакшылыкка шериктеш!

«Кыргыз Биримдиги» – ийгиликке тилектеш!

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button