Саясат
Видео. Шайлообек Атазовдун тарапташтары Нурбек Алимбековдун добуш сатып алганын айтып чыгышты
Бүгүн, 28-декабрь күнү АКИпресс-Ошто Жогорку Кеңештин XI чакырылышынын депутаты Шайлоообек Атазовдун тарапташтары маалымат жыйын өткөрүштү.
Анда, алар №8 Төлөйкөн шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Нурбек Алимбековду добуш сатып алуу менен шайланганын жана мыйзамсыз баюу фактысы менен соттолушу керектигин билдиришти.