Коом

ИИМ: Милиция кызматкерлерине жаңы жылдык концерт уюштурулду

Келе жаткан Жаңы 2022-жыл майрамына карата Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында милиционерлер үчүн майрамдык концерт уюштурулду.

Министрликтин өздүк курамын ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков куттуктады.

“Урматтуу кесиптештер! Урматтуу Ардагерлер! Сиздерди кирип келе жаткан Жаңы 2022- жылыңыздар менен Ички иштер министрлигинин коллегиясынын, жалпы өздүк курамынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктоого уруксат этиңиздер!
Ар бир жыл өзгөчө болот. Ал эми кетип жаткан 2021-жыл баарынан өзгөчө болду. Өлкөбүздү, ар бирибизди өзгөрткөн, бурулуш жыл болду. Эми аруу тилек, бийик үмүт, бийик максаттар менен 2022-жылдын босогосун аттаганы турабыз.

Өтүп жаткан жыл баарыбыз үчүн окуяларга бай жана жемиштүү болду. Ал биздин замандаштарыбыздын акылгөй экендигине баа берди жана колдоду.
Жаңы жыл — бул керемет жана өзгөчө баалуу майрам, ар бирибиз жакшылыкка жана жаркын келечекке үмүт кылып, бардык асыл тилектердин ишке ашуусуна тилектеш боло турган майрам!

Тынчтыкты туу туткан биздин тагдырыбыз, максатыбыз, тилегибиз бир, өлкөбүздүн ар бир жаранына күйүмдүү болуп, ар бири үчүн зор күч болуп келе жаткан Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин келе жаткан жаңы жылда ийгиликтер жана жетишкендиктер гана коштоп, кубаныч алып келсин, эң татаал маселелер чечилип, коомдук тартип жогорку деңгээлде камсыз кылынып, жакшы үмүттөрүбүз жана кыялдарыбыз орундалсын!
Келе жаткан жаңы жылда Сиздерге чың ден соолук, бакыт таалай, бакубатчылык, бардык алдыга койгон ой-тилектериңиз жана максаттарыңыз ишке ашып, жасап жаткан маанилүү ишиңиздер ийгиликтер менен коштолсун!

Сиздердин мыкты аракеттериңиз дайыма шыктануу жана чыгармачылык демилге менен коштолсун, жакындарыңыздын жылуу мамилеси, мекендештерибиздин урмат-сыйы менен курчалып, жашооңузду ар дайым жакшылык жана береке коштоп жүрүшүн каалаймын!” –деп Улан Ниязбеков катышуучуларга кайрылуу менен калоо-тилек айтты.
Ошондой эле, милиция кызматкерлерин “Кыргыз Республикасыны Генералдар клубу” Коомдук бирикмесинин төрагасы отставкадагы милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев жана ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы отставкадагы милициянын полковниги Султан Жоошбаев Жаңы жыл майрамы менен куттукташты.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button