Ушул жылдын январь айынан октябрь айына чейин Кыргызстан 846,6 тонна ич эт экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчетунда жазылган.
Сыртка кеткен ичеги-карындын көлөмү жалпысынан 724,7 миң долларга бааланган.
Өзгөчө товар алган мамлекеттер:

Гонконг — (Кытайдын атайын административдик району) — 499,4 тонна;

Вьетнам —196 тонна;

Түркия —113,3 тонна;

Египет — 37,9 тонна.

Былтыркы жылдын 10 айында 1 054,1 тонна ич эт 800 миң долларга сыртка сатылган. Ошол учурда ичеги-карын алган мамлекеттердин арасында Грузия менен Мьянма да бар болчу. Бул жылы товар Египетке да жөнөтүлө баштады.