Коюу тумандан улам бүгүн, 30-декабрда, «Манас» эл аралык аэропортунда бир нече каттамдын учагы кармалууда. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы билдирди.
«Санкт-Петербургдан келген «Аэрофлот» авиакомпаниясынын учагы Алматыдагы кошумча аэродромго конду. Мындан сырткары, ички каттамдар дагы кармалууда. Биз үчүн коопсуздук баарынан артык!» — деп айтылат билдирүүдө.
Аба каттамдары боюнча маалыматты «Манас» жана «Ош» аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алууга болору белгиленген: «Манас» — 0 312 693109, «Ош» — 0 3222 90101
Аэропорттун жетекчилиги жүргүнчүлөр менен коноктордон абалды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.
Эске салсак, эки апта мурда да ушундай учур катталып, Стамбулдан, Дубайдан, Москвадан келген учактар Алматыдагы, «Авиа Траффиктин» бир учагы Оштогу кошумча аэродромго конгон.