Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго бакубатчылык, чың ден соолук, боордош Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн бардык максаттардын ишке ашуусун каалады.