Коом

Улан Примов добуштарды сатып алуунун жаңы жолун ойлоп таптыбы?

Алай шайлоо округунан депутаттыкка экс-талапкер Дайырбек Орунбеков президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге мурдагы атаандашы, азыркы депутат Улан Примовго чара көрүү өтүнүчү менен кайрылды. Орунбековдун айтымында Улам Примов  Алай районунун тургундарына шайлоо өнөктүгү маалында убада кылынган көмүрдү таратып баштады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып, видеолору менен бөлушкөн. Дайырбек Орунбековдун тексттин өзгөртүүсүз беребиз:

“Улан Примов шайлоо убагында агитаторлор аркылуу “көмүрдү шайлоодон кийин беребиз” деп убада кылып, тактап айтканда элдин добушун материалдык каражат, муктаждык менен “карызга” сатып алган. Мына эми добуштардын акысын төлөп жатат. Камчыбек Ташиев айткан, мыйзам бузууларды шайдоодон кийин болсо дагы чара көрөбүз деп. Эми сөзүнө туруп, добуш сатып алуунун жаңы ыкмасын колдонгон депутатка чара көрсүн.

Бул жаңы ыкманы тизгиндебесе, анда кийинки шайлоодо “өткөндөн кийин төлөйм” деген добуш сатып алуу ыкмасы элдин түшүнүгүнө сиңет.

Шайлоо учурунда көп жолу добуш сатып алуу фактылары менен Улан Примовдун дарегине арыз түшкөн, бирок чара көрүлгөн эмес.

Адилеттүү шайлоо өткөрүүгө көлөкө түшпөсүн десениздер, урматтуу Садыр Жапаров, тиешелүү органдар бул боюнча карап, натыйжа чыгарыңыздар.

Мандат үчүн жан талашкан жерим жок, бирок адилеттүүлүк үчүн бул одоно добуш сатып алуунун жаңы ыкмасы тамырлабаш керек.

Анын максаттуу “кайрымдуулугуна” ичи тардык жок, бирок юридикалык баасын алсын!

Кара-Кулжада “Токтосун-Ата” комплекс У.Примовдун шайлоодогу штабы болгон. Азыр так ошол штабда көмүр таратылып жатат”, —  деп жазды.

Орунбековдун жазган маалыматына көпчүлүк  фейсбук колдонуучулар Улан Примовго карата ар кандай пикирлерди калтырышкан.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button