Коом

Шайлообек Атазов № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болуп катталды. Дагы кимдер бар? Тизме

№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына болчу шайлоого катышуу ниетин билдирген 14 жаран катталды.
БШКнын маалыматына ылайык, 4-январга карата эки округдан жетиден жаран талапкерлигин көрсөткөн.
Свердлов шайлоо округу:
1. Атазов Шайлообек Карыбекович;
2. Султанбеков Муратбек Кеңешбекович;
3. Бейшенбаев Эдил Нурбекович;
4. Керимбаев Жусубалы Топчубаевич;
5. Жолдошова Назгүл Амантуровна;
6. Асанбеков Жаныбек Асанбекович;
7. Алмамбетова Гуля Идиновна.
Биринчи май шайлоо округу:
1. Гапаров Адылбек Абдикаримович;
2. Акылбеков Русланбек Акылбекович;
3. Аматов Рысбай Аматович;
4. Сартаев Анвар Айдарович;
5. Токтакунов Нурбек Акбарович;
6. Жакыпбеков Шадыкан Мырзаканович;
7. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна.
Бул округдардан талапкерлигин көрсөтүүнү каалаган жарандар 27-январга чейин арыз бере алат. Аларды каттоо мөөнөтү 6-февралда аяктайт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 7-26-февраль күндөрү өтөт.
Эске салсак, ушул жылдын 28-ноябрында өлкөдө Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо болуп өткөн. Анда аталган эки шайлоо округунда «баарына каршы» графасы талапкерлердин алган добушунан ашып кеткендиктен шайлоо өтпөй калды деп таанылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button