Коом

Саламаттыкты сактоо министрлиги Камчыбек Ташиевдин абалы тууралуу маалымат берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин абалы жакшы. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Камчыбек Ташиев пневмония менен ооруган, ПЦР терс.

«Анын абалы  канааттандырарлык. Өзүнчө бөлмөдө реанимацияда жатат. Ал басып жүрөт, тамак ичет, аны менен жаңы эле сүйлөштүк. Бүгүн маанайы жакшы», — деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы.

Эске салсак, буга чейин Камчыбек Ташиев пневмонияга шектелип, Республикалык инфекциялык ооруканага жаткырылганы маалымдалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button