Саясат

Казакстан азыр ЖККУнун жардамына өтө муктаж

Ал эми биздин Кыргызстан аскерлерин ал жакка жибербеши керек деген кептердин баары батыш кызматтарынын козутуулары. Өз элин тоноп кеткен качкын шылуун Мухтар Аблязов ЖККУнун аскерлерин баскынчылык катары кароо керек дейт. Эмне үчүн ал мындай дейт? Анткени Аблязов батыштын адамы, алардын буйругу менен иштейт. Мына ошол жерден, буйрук бергендей, биздин батыштык сүйүүчүлөр чыгып, ошол эле нерсени жарыялай башташат. Бул геосаясаттын пландуу сызыгы экенинен кабар берет….

Биздин аскерлерди киргизгенибизди казактар кечирбейт деп жар салып жатышат. Жардам суроодон баш тартканыбыз үчүн алар бизди кечиреби?

Белгилей кетсек, биздин аскерлер митингчилерге каршы турууга ниеттенбейт, алар мамлекеттик объектилерди кайтарышат. Ал эми булар мамлекеттик органдар, курал-жарак кампалары. Анткени, митингчилерге жамынган террористтер карапайым калкты тоноп, тартип сакчыларын аёосуз өлтүрүп, курал-жарак уурдап кетишин эч ким каалабайт.

Терезеңиздин астынан пулеметтун, гранаталардын жарылышы, талап-тоноолордун үнү угулганда – карапайым калк үчүн ЖККУнун аскерлери керекпи, кереги жокпу деген талаш жок. Аларга жардам жана тынчтык гана керек. Карапайым эл, бейпил алматылыктар, бул кыянатчылыктарга катышпаса, биримдикте болсо, тез эле тартипке келтирип, ушул башаламандын баарын токтотушмак. Анткени, биз Казакстанда митингчилерге жамынган террористтер жарандык согушту жана экинчи Сирияны башташын каалабайбыз.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button