Саясат

Александр Лукашенко: Казакстандыктар бул алардын өлкөсү жана башкасы жок экенин түшүнүшү керек

Беларустун президенти Александр Лукашенко нааразылык акциясына чыккан казакстандыктарга кайрылуу жасады.

Ал белгилегендей, Казакстан Республикасынын лидери Касым-Жомарт Токаев менен макулдашууга болот.

«Мен митингчилерге кайрылгым келет, айрымдары аларды бандит деп аташат. Ызы-чуу салышты, кыйкырышты, жетишет. Абал курчуп кетпей турганда  сүйлөшүп алгаңар оң. Токаев менен тил табыша аласыңар. Ал акылдуу жана билимдүү адам. Казакстандыктар бул алардын өлкөсү жана башкасы жок экенин түшүнүшү керек. Республиканы кыйратуу жана аны кайра куруу  кымбатка турат. Митингчилер чөгөлөп, аскерлерден кечирим сурашы, андан кийин бийлик менен сүйлөшүү үчүн отурушу керек «, — деди Лукашенко.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button