Коом

«Каргашалуу июль» курмандыктарына жана баатырларына арналган көргөзмө өтөт

Бишкекте «каргашалуу июль» курмандыктарына жана баатырларына арналган сүрөт көргөзмө 11-12-13-январда өтөт. Бул тууралуу Улуттук тарых музейинен билдирди.
«Биз ошол кыйын мезгилде жардам көрсөткөн, кайдыгер эмес бардык жарандарыбызга дагы бир ирет ыраазычылык билдирип, каза болгондорду эскергибиз келет. Ошондой эле бул окуялардын кайталанышына жол бербеш үчүн коопсуздук чараларынын маанилүүлүгүн эске салабыз. Келгиле, өзүбүздү жана жакындарыбызды аярлап, эмдөө маселесине жоопкерчиликтүү мамиле жасайлы», — деп жазылат билдирүүдө.
Көргөзмө Улуттук тарых музейинин 2-кабатында саат 10.00дөн 16.00гө чейин өтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button