Коом

Келтирилген зыяндын көлөмү 215 миллион доллардан ашты

10-январга карата Казакстандагы баш аламандыктан келтирилген зыяндын көлөмү 215 миллион доллардан ашканын өлкөнүн “Атамекен” улуттук ишкерлер палатасы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүнкүгө карата келтирилген зыяндын жалпы суммасы болжолдуу эсептөөлөр боюнча 93 миллиард 700 миллион теңгеден ашкан. Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти.
Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан жалпы 164 адам каза болду.
Булак: Биринчи радио

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button