Саясат

Сокулукта даараткананын ачылышына катышкан акимдин орун басары иштен алынды

Сокулуктун акиминин орун басары Самаган Мурсалиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулуктун акими Курбанбек Айтибаевге сөгүш жарыяланды. Мындай чечимди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кабыл алды. Буга 2 миллион сом каражат сарпталып курулган мектептин ажатканасы себеп болгон.

Эске салсак, буга чейин, социалдык тармактарда Сокулукта мектептин ажатканасы ачылып, анын курулушуна дээрлик 2 миллион сом сарпталганы айтылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button