Казакстандын биринчи президентинин кызы Дарига Назарбаева «Алматыдагы үйүндө». Бул тууралуу журналисттерге анын жардамчысы Жанна Эрмекова билдирди.

Анын айтымында, Дарига Назарбаева коронавирус менен ооруп, «абалы орточо».

Белгилей кетсек, 2-январда Казакстанда массалык нааразылык акциялары башталып, андан кийин антитеррордук операция жарыялангандан бери Элбасы жана анын үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу эч нерсе белгисиз.

8-январда гана анын Элбашынын мурдагы кеңешчиси Ермухамет Ертысбаев Нурсултан Назарбаев оорусуна байланыштуу эл алдына чыкпаганын билдирген.

7-январда Беларустун президенти Александр Лукашенко Казакстандын экс-лидери менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү кабарланган.

Эске сала кетсек, казакстандыктар башка нерселер менен катар Улут лидеринин кызматтан кетишин талап кылышкан. Республика үчүн өткөн бардык өтө оор жана кайгылуу күндөрдө улут лидери бир дагы билдирүү жасаган эмес. Азырынча анын кайда экени белгисиз.