Коом

Бишкекте коронавирустун «омикрон» штаммы катталды

Кыргызстанда коронавирустун омикрондук штамы аныкталды. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Алгачкы учурлар Чүй облусунда катталган.

«Улуттук фтизиатрия борбору коронавирустун штаммын аныктоо үчүн иш жүргүздү. Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына жаткырылгандардын арасынан январь айынын башында үлгүлөр алынган жана алардын экөөсүндө омикрон штаммдары бар экени такталган», — деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата,  COVID-19 илдетинин 465 жаңы учуру аныкталды. Бул 5 айдан берки жогорку көрсөткүч.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button