Коом
Орусиядагы Кыргыз жарандары айдоочулук күбөлүктөрүн консулдук мекемелеринен алмаштыра алат
Орусияда эмгектенген Кыргыз жарандары 17-январдан тарта айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук мекемелеринен алмаштыра алышат. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кабыл алууга жазылуу үчүн [email protected] электрондук дарегине арыз жөнөтүү керек.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган өлкөдө жүргөн Кыргыз жарандары айдоочулук күбөлүктү мекенине келип алмаштырып кетишчү.