Коом

Алматынын аэропорту ишин жандантып, алгачкы учак Нур-Султанга учту

Алматы шаарынын аэропорту бүгүн, 13-январда, ишин жандантып, өлкө ичине алгачкы каттамды жөнөттү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Билдирмеге караганда, аэропортто иш жанданган соң алгачкы жүргүнчүлөр Алматы — Нур-Султан каттамы менен Казакстандын ордо калаасына кетишкен.

Ички жана эл аралык каттамдар саат 8:00дөн 21:00гө чейин авиакомпаниялардын учууларынын жүгүртмөсүнө ылайык жүргүзүлө турганы айтылды.

Казакстанда башаламандык маалында нааразычылык акциясына чыккандар Алматы эл аралык аэропортун басып алып, ал белгисиз мөөнөткө жабылган. Кийин ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү аба майданын көзөмөлгө алган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button