Коом
Казакстанга жиберилген кыргыз аскерлеринин качан келери айтылды
Казакстанга барган Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу аскердик контингенти эртең, 14-январда, кайтып келет. Бул тууралуу Коргоо министрлиги кабарлады.
Аскерлер эртең түшкө маал келет.
Белгилей кетсек, Казакстанга 150 аскер, 8 сооттолгон техника, 11 аскердик автоунаа жөнөтүлгөн. Жоокерлер негизинен стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарууга жардам берери айтылып, кийинчерээк кыргызстандык аскерлер Алматыдагы маанилүү стратегиялык объект катары эсептелген ТЭЦ-2ни кайтарып жатканы белгилүү болгон.