Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын кескин өсүшү Жаңы жылга карата майрам күндөрүнүн алдындагы адамдардын байланышынын көп болушуна, майрамда эл көп топтолгон – корпоративдик кечелер, үй-бүлөлүк жолугушууларга байланыштуу.

Ошондой эле социалдык аралыкты, беткап тагынуу режимин сактабагандык, эл көп чогулган жайларда чектөө чараларын жеңилдетүү, медициналык жардамга кеч кайрылуу жана оору боюнча абал начар өлкөлөрдө келген мигранттардын кайтып келүүсү шарттады. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын маалыматы боюнча,  937 учурда оору жеңил түрдө өтүп жаткан жана инфекцияны алып жүрүүчүлөр өз туугандарынын, жакындарынын жана кесиптештеринин арасында ооруну жугузуулары мүмкүн. Жаңы учурлардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында аныкталууда, мында эмдөө менен камтуу деңгээли өтө төмөн. Борбор калаа бүгүн «кызыл зонада» турат.

«Коронавирус инфекциясына чалдыгуунун кезектеги өсүшү тууралуу айтууда биз дүйнө жүзүндө пандемия токтой электигин унутпашыбыз керек. Мурда Саламаттык сактоо министрлиги январда эпидемиологиялык абал күчөшү ыктымалдыгы – катталган жаңы учурлардын санынын өсүшү тууралуу эскерткен. Ооругандардын санынын өсүшү өзгөчө Бишкекте байкалууда. Борбор калаага Жаңы жылды белгилөө үчүн бардык аймактардан адамдар келишкен. Ошондой эле ПЧР-тесттердин оң жыйынтыктары чет мамлекеттерден, Россиядан, Канададан, Дубайдан жана башка өлкөлөрдөн келген адамдардан аныкталууда», — деп белгиледи ал.

Калк арасында коронавирус илдетине чалдыккандар негизинен 18 жаштан 39 жаш курагына чейинкилер. Башкача айтканда, адамдар көп топтолгон жерлерге активдүү барган калктын эмгекке жарамдуу бөлүгү. Ооругандар да муну ырасташууда.

«Талдоо көрсөткөндөй, белгилүү бир инкубациялык мезгилден кийин коомдук жайларга баруу ооруну көбөйтөт. Эпидемиологиялык изилдөөлөргө ылайык жаңы жылга даярдануу учурунда көптөгөн бейтаптар ири соода борборлоруна, базарларга, кафе, ресторандарга барышып, көп сандаган конокторду тосушуп, өздөрү да мейманга барышкан. Инкубациялык мезгил 25-декабрдан 31-не чейин уланган. Биринчи төрт күндө ооругандар үйлөрүндө болушуп, Жаңы жылды белгилешет, өздөрүнөн оорунун белгилерин байкашкан эмес. Белгилер күчөгөндөн кийин медициналык жардам сурап кайрыла башташкан. Мониторинг медициналык мекемелерге ооругандан кийин 5-10-күнгө кеч кайрылууну көрсөтүүдө», — деп билдирет Айнура Акматова.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жалпы ооругандардын ичинен 10дон 20га чейин адам эмделгендер, калгандары вакцина алышкан эмес. Эмделгендерде оору жеңил түрдө өтүүдө.

COVID-19 оорусунун өсүшүн кантип токтотуу керек?

«Урматтуу жарандар, өтүнөбүз, эмдөөгө келиңиздер. Өлкө боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда эмдөө жайлары иштеп жатат. Бишкекте 90го жакын убактылуу эмдөө жайлары бар, алар соода борборлорунда жайгашкан. Вакциналар жетиштүү, тандасаңыздар болот: Pfizer, Moderna, AstraZeneca, «Спутник Лайт». Эмдөөдөн коркпоңуздар, вакцина олуттуу кыйынчылыктарга алып келери тууралуу мифтерге ишенбеңиздер. Эмдөөдөн кийин пайда болуучу терс таасирлерин – дене табынын анча жогору эмес көтөрүлүшүн, чарчоо, баш ооруну коронавирустун өзүнүн кесепеттери менен салыштырууга болбойт. Өзүңүздү жана жакындарыңызды сактаңыз!», — деп чакырат коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы.

Эмдөөдөн тышкары:

— эл көп чогулган жерлерден алыс болуңуз

— беткап тагынууну унутпаңыз

— беткапты 2-3 саат сайын алмаштыруу

— колду жууп, дезинфекциялоо

— 1 метр аралыкты сактоо

— имараттарды желдетип, нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүңүз (үйдө жана кеңселерде).