Коом
Баткен ОИИБи: Эки өлкөнүн чек арасынан жоголгон малдар ээлерине өткөрүлүп берилди
Баткен районунун Ак-Сай айылы менен чектешкен Тажикстан Республикасынын Исфара районунун Ворух анклавы чектеш болгондуктан эки өлкөнүн элинин мал-жандыктары чек арадан өтүп кетип жүргөн.
Баткен РИИБнин жетекчилиги менен Исфара РИИБнин жетекчилиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 2022-жылдын 12-январь күнү Кыргызстан тараптан жоголгон 2 баш ийри мүйүздүү жана 4 баш эчки, ал эми Тажикстан тараптан 9 баш койду кайтарып алышты. Кайтарылып алынган малдар өз ээлерине өткөрүлүп берилди.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы