Балыкчы шаарында жалгыз бой энелер үчүн 60 батирлүү көп кабаттуу үй курулууда. Бул тууралуу шаардын мэри Аманат Сыдыков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Шаар башчысынын маалыматына караганда, муниципалдык эсепте турган бул имаратты бүткөрүүгө эл аралык фонд тарабынан каржыланып, 55 миллион сом жумшалууда.
Азыркы тапта тышкы жасалгасы толугу менен аяктап, заманбап шарттагы ишчи жасалгасы аткарылууда.
Турак жай 2022-жылдын жай мезгилинде толук кандуу аяктап, тапшырылары күтүлүүдө.