Кечээ, Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев шаардык прокуратуранын жана Ош-Тазалык ишканасынын өкүлдөрүнүн жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчыларынын катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Жыйында КРнын бузуулар кодексинин аткарылышы талкууланып, прокуратура өкүлдөрү тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
«Таштандыны туура эмес таштагандарга МАБтар тарабынан көзөмөл солгундап кеткени айтылды. Эми бул багытта иштерди күчөтүп, кодексте белгиленгендей айып пулдарды салуу, абоненттердин санын тактоо тапшырмалары берилди», — деп айтылат билдирүүдө.