Кыргызстанда 2021-жылда жашоо минимумунун көлөмү 6 268,31 сомду түздү.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, бул көрсөткүч өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 17 пайызга өстү.

Аймактар боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)

2021-жылы жашоо минимумунун эң жогорку өлчөмү Жалал-Абад облусунда, Ош жана Бишкек шаарларында белгиленди. Ошол эле учурда, 2020-жылга салыштырмалуу жашоо минимумунун эң чоң өсүшү Ош шаарында (19,1 пайызга), Баткен оюлусунда (18,1 пайызга) белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар – 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр – 17 пайызды жана салыктар – 2 пайызды түзөт. Азык-түлүк корзинасынын энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.

Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)