Коомдук ишмер, алып баруучу Ассоль Молдокматова жакында турмушка чыга турганын жарыялады. Бул тууралуу түгөйлөр социалдык тармактагы баракчасына жазышты.
“Биз бактылуубуз. Болочоктогу жолдошум Бекназар Жамангараев экөөбүздүн сүйүүбүз, үмүтүбүз чоң. Жакында той”, — деп жазды.
Ал эми анын болочоктогу жолдошу да социалдык тармактагы баракчасына: “Мен жана сүйүктүүм Ассоль Молдокматова. Биз бактылуубуз, сүйүүгө, кыял-үмүттөргө толуп турабыз. Биздин сүйүүбүз баарын жеңерине ишенем!” — деп жазган.
Молдокматованын болочок жолдошу – Бекназар Жамангараев. Кесиби боюнча программист.
Ал Google, Apple, Motorola, Yahoo- компанияларында иштеген мыкты адис.