Кечээ, 21-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Нурлан Гилманов чакырылды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Кыргызстандын жараны Чолпонбек Сыдыковго байланыштуу консулга нота тапшырылды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын айрым укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ден соолугуна оор залал келтирген Кыргызстандын жаранына карата мыйзамсыз аракеттерди жасаган аракеттерине тынчсыздануусун билдирди.

Мындан тышкары, Тышкы иштер министрлиги окуянын бардык жагдайларын тактоо жана Чолпонбек Сыдыковдун ден соолугуна оор залал келтирген бардык күнөөлүү аткаминерлерди жоопкерчиликке тартуу жана компенсация төлөп берүү үчүн тыкыр жана объективдүү иликтөө жүргүзүү зарылдыгы айтты.