Видео. Баткенде үйүнөн чыгып кеткен өспүрүм табылды
Баткен РИИБнин кызматкерлери Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагында милициянын көчмө кабылдамасы менен коомдук тартипти көзөмөлдөп жүрүп, “Селсаяк” иш-чарасын өткөрүүдө 2022-жылдын 22-январь күнү эрте менен саат 07.00дөр чамасында Суу-Башы айыл аймагынын Айгүл-Таш айылында көчөдө жүргөн өспүрүмдү табышкан.
Текшерүү иштеринин жыйынтыгында Баткен районунун Чек айылындагы орто мектебинин окуучусу 15 жаштагы Ж.К. экендиги аныкталды. Ата-энесин чакырып сүйлөшкөндө жогорудагы жаш өспүрүм ата-энесине айтпай 21-январь күнү үйүнөн чыгып кеткени белгилүү болду. Бирок жаш өспүрүм баланын ата-энеси милицияга бала жоголгондугу боюнча арыз менен кайрылган эмес.
Жаш өспүрүм бала апасына тапшырылып, текшерүү иштери жүрүп жатат.
Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы