Коом

Төкмө акын Болот Назаров 48 саатка камалды

Төкмө акын Болот Назаров 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу 23-январда жактоочу Нурбек Токтакунов  маалымат каражаттарына билдирди.

Жактоочунун айтканына караганда, Болот Назаров милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эске салсак, төкмө акын Болот Назаров жана иликтөөчү журналист Болот Темиров 22-январда кармалышкан. Журналист эч жакка кетпөө тил каты аркылуу бошотулду.

Өнөрпоз Болот Назаров бийликтин туура эмес иштерин сындап ырдаган. Анын «Жемкорлукка», «Тууганды бийлер туташты», «Эки дос» жана «Камчыке, кара калкыңды» деген чыгармалары бар.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button