Коом

Төкмө акын Болот Назаров үй камагына чыкты

Төкмө акын Болот Назаров үй камагына чыкты.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Бишкек шаарынын Турусбеков жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкерлери тарабынан акын Болот Назаров кармалып, андан өзгөчө жыты бар кочкул күрөң түстөгү зат салынган желим боо табылганын билдирген.

Анын салмагы таңгак менен бирге 14,71 граммды түзгөн. Иликтөөнүн корутундусуна ылайык, зат салмагы 8,69 граммды түзгөн баңгизаты болгон кара куурай чайыры «гашиш» болгон.

Буга байланыштуу Болот Назаров Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 48 саатка камалган.

Өнөрпоз Болот Назаров бийликтин туура эмес иштерин сындап ырдаган. Анын «Жемкорлукка», «Тууганды бийлер туташты», «Эки дос» жана «Камчыке, кара калкыңды» деген чыгармалары бар.

Акындын жубайы жана бир туугандары анын кармалуусун каралоо катары баалашкан.

Булак: Марал фм

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button